Language

  • English

  • Русский

  • Кыргызча

Language

  • English

  • Русский

  • Кыргызча

×

"Эргүү булагы" көргөзмөсү


1254x881.594 (Original: 4950x3480) Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргызстандын Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгына карата Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде 2003-жылдын 12-январында фонддордогу коллекциялардан турган "Эргүү булагы" көргөзмөсү ачылды. Канчалаган жылдар өтпөсүн, жазуучунун чыгармачылыгына болгон кызыгуу өчпөй келет. Айтматовдун чыгармалары биздин гана өлкөнүн эмес, башка мамлекеттердин сүрөтчүлөрүнүн илхом жана эргүү булагына айланган, анткени анын чыгармаларынын каармандары эмгекти сүйүү, кайраттуулук, тайманбастык, жашоону сүйүү, майтарылбас мүнөз жана адам боюнча калуу менен баардык кыйынчылыктарга туруштук бере алуу сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалашат. Чынгыз Төрөкуловичтин турмушту камтуусунун кенендиги жана терең, пластикалык, көзгө көрүнөөрлүк жазылган элдик каармандары сүрөтчүлөр үчүн анын чыгармаларын чагылдырууда кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Көрүнүктүү, залкар жазуучубуздун чыгармачылыгы ХХ кылымдын экинчи жарымына туура келген жана кыргыз кесипкөй сүрөт искусствосунун өнүгүүсү менен үндөш болгон. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында баяндалган, анын гуманисттик жана философиялык ачылыштары сүрөт искусствосунун дээрлик баардык түрлөрүндө, өзгөчө басма графигинде түнөк тапкан, андан улам көбүнесе графикалык иштердин көркөм-образдуу түзүлүшүнүн өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизген. Ар кыл жекеликтеги, нуктуулуктагы жана турмуштук тажрыйбасы болгон сүрөтчүлөр жазуучунун чыгармаларына иллюстрацияларды жаратып, аларды өзү аркылуу сиңирип өтүп, өз таланттары жана кабылдоолору менен байытып келишкен. Аталган көргөзмөдө залкар жазуучубуздун чыгармачылыгын баалап келген инсандар кыргыз жана чет өлкө сүрөтчүлөрүнүн адабият атасынын чыгармаларынын нугунда аткарган иштери көргөзүлгөн. Улуу муундагы сүрөтчүлөрдүн аткарган иштери жогорку чеберчилиги жана образдардын эң эле түпкүлүгүнө сүңгүп кирүүсү менен айырмаланып, Ч. Айтматовдун чыгармаларын иллюстрациялоонун үстүндө Л.А.Ильина, В.Рогачев, Б.Джумабаев, А.Мисюрев, М.Ахмедов, Б.Кошоев, А.Осташев сыяктуу кыргыз графиктери эмгектенишкен. Ошол жоон топтун катарында Л.Ильинанын иштери өзгөчөлөнүп турат. Ч. Айтматовдун дээрлик ар бир жаңы китебине бир катар графикалык чыгармалар түрмөгун жараткан. 1970-1972-жылдары Л. Ильина "Саманчынын жолу", "Гүлсарат", "Ак кеме" повестери боюнча үч олуттук станоктук линогравюраларды аткарып чыккан. Баардык баракча өзүнө көптөгөн сюжеттерди камтып, борборунда башкы каарман, тегерегинде болуп откөн ар кыл тиричилик көрүнүштөрү камтылган бирдиктүү композициялык принципте кынааташтырылган. 1977-жылы "Жамиля повести биринчи жолу өзүнчө басылма болуп чыккан. Биринчи басылыштын эрте калем чиймелерин жана кийинки басылмалардын ксилографияларынын ыргактарын өнуктүрүү менен Л. Ильина повести иллюстрациялап чыккан. Ак жүздүү жана оптимист болгон Жамилянын образы олуттуу ийгиликтүү жаралган. Фигура жайдын аптаптуу күндөрүндө орун алгандай, жарык менен чачылып, аба менен оролуп койгондой. Жамила Ильина Л.А Гүлсарат Ильина Л.А. Балалык. Рогачев В.Г. 1965- жылы В.Рогачевдун линогравюрасында аткарылган иллюстрациялары менен Кыргыз басмаканачында Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу" китеби массалык нускада басылып чыккан. 1966-жылдан тартып 1987 жылга чейин сүрөтчү литографиялардын станоктук түрмөгүн жараткан. Турмөк өзүнө: "Балалык", "Кубаныч", "Боорукердик", "Үмүтсүздүк", деген төрт баракчадан турат.Литографияларда кинематографиялык кадрдагылардай эле, каармандар ири пландарда берилген. -"Балалык" барагы ачык асман алдындагы балалык кубанычы жана өспүрүмдүк шайырдык менен толукталып турат. Толгонайдын балалыгы. - "Ак жаан" барагы болсо согуш алдындагы жазда Алиманды тосуп чыгат. - "Кубаныч" барагы- жашоону сезе билүүнүн толуктугу жана анын баалуулуктары тууралуу баяндайт. - "Боорукердик" жана "Үмүтсүздүк" баракчаларына В. Рогачев ар бир каармандын образын жандуу сезим менен толтурууга, жеке жана кайталангыс өзгөчөлүктөрүн табууга, Айтматовдун каармандарынын адамдык сезимдеринин сүрөттөлүштөрүн жарыкчылык көлөкөсү сүрөттөлүштөрү менен өткөрүп берүү аркылуу толтурууга умтулган Саманчынын жолу. Рогачев В.Г. Кубаныч. Рогачев В.г. Кийинки муундагы сүрөтчүлөрдүн жоон тобу, өз таланттарынын, байкоолорунун жана сезимдеринин тереңдигинин чегинде, Айтматовдун каармандарынын образдарына өз түшүнүктөрүн киргизишип, өзгөчөлүктөрүн өз алдынча чечмелеп келишет. Бул жерде К. Давлетов, А. Биймирзаев, М. Бекджанов, Т. Курманов, А. Казбеков, Т. Исмадыров, Р. Жангарачева өңдүү сүрөтчүлөрдүн иштери көргөзмөдө көрсөтүлгөн. Соколор. Ч.Айтматовдун "Эрте келген турналар" повестине иллюстраци. Давлетов К. Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестине иллюстрация. Биймирзаев Ч

1254x881.594 (Original: 4950x3480)

Кыргыз  элинин залкар жазуучусу,  Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгына карата фонддордогу коллекциялардан турган  "Эргүү булагы" көргөзмөсү.

ХХ кылымдын экинчи жарымында  Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында баяндалган, анын гуманисттик жана философиялык ачылыштары сүрөт искусствосунун дээрлик баардык түрлөрүндө, өзгөчө басма графигинде түнөк тапкан, андан улам көбүнесе графикалык иштердин көркөм-образдуу түзүлүшүнүн өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизген.

Аталган көргөзмөдө залкар жазуучубуздун чыгармачылыгын баалап келген инсандар кыргыз жана чет өлкө сүрөтчүлөрүнүн адабият атасынын чыгармаларынын нугунда аткарган иштери көргөзүлгөн.




Улуу муундагы сүрөтчүлөрдүн аткарган иштери жогорку чеберчилиги жана образдардын эң эле түпкүлүгүнө сүңгүп кирүүсү менен айырмаланып, Ч. Айтматовдун чыгармаларын иллюстрациялоонун үстүндө  Л.А.Ильина, В.Рогачев, Б.Джумабаев, А.Мисюрев, М.Ахмедов, Б.Кошоев, А.Осташев сыяктуу кыргыз графиктери эмгектенишкен.                                                                                                                                                                                   




Ошол жоон топтун катарында Л.Ильинанын иштери өзгөчөлөнүп турат. Ч. Айтматовдун дээрлик ар бир жаңы китебине бир катар графикалык чыгармалар түрмөгун жараткан. 1970-1972-жылдары Л.Ильина "Саманчынын жолу", "Гүлсарат", "Ак кеме" повестери  боюнча үч олуттук станоктук линогравюраларды аткарып чыккан. Баардык  баракча өзүнө көптөгөн сюжеттерди камтып, борборунда башкы каарман, тегерегинде  болуп откөн ар кыл тиричилик көрүнүштөрү камтылган бирдиктүү композициялык принципте кынааташтырылган.

1977-жылы "Жамиля повести биринчи жолу өзүнчө басылма болуп чыккан. Биринчи басылыштын эрте калем чиймелерин жана кийинки басылмалардын ксилографияларынын ыргактарын өнуктүрүү менен Л. Ильина  повести иллюстрациялап чыккан.

Ак жүздүү жана оптимист болгон Жамилянын образы олуттуу ийгиликтүү жаралган. Фигура жайдын аптаптуу күндөрүндө орун алгандай, жарык менен чачылып, аба менен оролуп койгондой.

                                                                                                              

                                                                        



 

Жамила

Ильина  Л.А






                                                                                                                                                                               Гүлсарат

                                                                                                                                                                         Ильина Л.А.
                                                                                                                           

                                                  

                                                            Балалык.   Рогачев В.Г.


1965- жылы В.Рогачевдун линогравюрасында аткарылган иллюстрациялары менен Кыргыз басмаканачында Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу" китеби массалык нускада басылып чыккан.

1966-жылдан тартып 1987 жылга чейин сүрөтчү литографиялардын станоктук түрмөгүн жараткан. Турмөк өзүнө: "Балалык", "Кубаныч", "Боорукердик", "Үмүтсүздүк", деген төрт баракчадан турат.Литографияларда кинематографиялык кадрдагылардай эле, каармандар ири пландарда берилген.

-"Балалык" барагы ачык асман алдындагы балалык кубанычы жана өспүрүмдүк шайырдык менен толукталып турат. Толгонайдын балалыгы.

"Ак жаан" барагы болсо согуш алдындагы жазда Алиманды тосуп чыгат.

- "Кубаныч" барагы- жашоону сезе билүүнүн толуктугу жана анын баалуулуктары тууралуу баяндайт.

- "Боорукердик" жана "Үмүтсүздүк"  баракчаларына  В. Рогачев ар бир каармандын образын жандуу сезим менен толтурууга, жеке жана кайталангыс өзгөчөлүктөрүн табууга, Айтматовдун каармандарынын адамдык сезимдеринин сүрөттөлүштөрүн жарыкчылык көлөкөсү сүрөттөлүштөрү менен өткөрүп берүү аркылуу толтурууга умтулган

               Саманчынын жолу. Рогачев В.Г.


                                            




















                                  Кубаныч. Рогачев  В.г.



Кийинки муундагы сүрөтчүлөрдүн жоон тобу, өз таланттарынын, байкоолорунун жана сезимдеринин тереңдигинин чегинде, Айтматовдун каармандарынын образдарына өз түшүнүктөрүн киргизишип, өзгөчөлүктөрүн өз алдынча чечмелеп келишет. Бул жерде  К. Давлетов, А. Биймирзаев, М. Бекджанов, Т. Курманов, А. Казбеков, Т. Исмадыров, Р. Жангарачева өңдүү сүрөтчүлөрдүн иштери көргөзмөдө көрсөтүлгөн. 


                                                                                                                                                                         Соколор. Ч.Айтматовдун "Эрте келген турналар"  повестине иллюстраци.  Давлетов К.


                                           


                                 

                                       Акбара. Казбеков А.






















     


                                       Моюнкумдан кетүү. Ч.Айтматовдун "Кыямат" романына иллюстрация. Исамадыров Т.          


                                               





     Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повестине иллюстрация. Биймирзаев А.                                              


                                                                                                                                                                                                                                                         Пушкиндин калеми. Бабаджанов С.

IDENTIFIER

FAM-S29012024-P0202-000188

THEME

[Art]

RIGHTS STATEMENT

https://creativecommons.org/licenses/by-nc-nd/4.0/

CREATOR

P0202

CREATED TIME

2024-01-29T05:16:57

REGION

Bishkek

LATITUDE

42.8788664187689

LONGITUDE

74.56851322455609