Language

  • English

  • Русский

  • Кыргызча

Language

  • English

  • Русский

  • Кыргызча

×

Шөкүлө - салттуу баш кийим

       Шөкүлө кыргыздардын байыркы аял баш кийими. Шөкүлөнүн алгачкы үлгүсү музей экспозициясында көрсөтүлгөн. Мындай баш кийим XVIII - XIX кылымдарга таандык. Үй-бүлөдөгү кыз киши өмүрүндө бир гана жолу шөкүлөнү турмушка чыгып жатканда гана  кийген. Тартиби катары кызды алгач башка үй-бүлөгө узатканда ата-энеси тарабынан кийгизилет. Барган жери келинге өздөрүнүн кийимин кийгизип, шөкүлөнү кайра ата-энесине кайтарып берген. Шөкүлө өтө кымбат тургандыктан, кыз тараптын туугандарынын бардыгы каражат чогултуу жагынан жардамдашат. Ошондуктан кыздын уруусуна таандык гана баш кийим болуп, эне тарабынан муундан-муунга өткөрүлүп келген таберик мурас.  Анын жасалгаланышы адамдын социалдык абалын көрсөтүп,  салттык  мааниси  жогору.

Шөкүлөнүн төбөсүнүн учуна кооз куштардын (үкү, кыргоол, тоту куш, каркыра, тоос ж.б.)канаттарын тагып, маңдай бөлүгүнө асыл буюмдарын (алтын, күмүш, бермет, седеп, маржан, акак) карматып, көркөм көчөттөрдү түшүрүп кооздошкон. Жасалышы, кийүү тартиби кыргыздын салттуу коомунда өзгөчө мааниге ээ. Мындай баш кийимсиз ата-эне кызын турмушка узатууну элестеткен эмес.

Улуттук тарых музейинде сакталган шөкүлө көөнө түрүнө кирет.  Ал күлгүн кызыл түстөгү манат кездемесинен даярдалган. Баш кийим төбөсү, эки жаакчасы же кулакчасы жана желке бөлүгүнөн турат. Маңдайына тагылган тегерек кооздуктун жасалышын салыштырып караганда, III-VI к. Кетмен-Төбөдөн табылган археологиялык кооздук буюмдарына жакындашып кетет. Мындай кооздуктун тагылышы менен шөкүлө эң байыркы түрүнө кирген деп айтууга болот.

 Шөкүлөгө тагылган кооздук  буюмдары кыргыздардын зергерчилик өнөрүндө пайда болгон. Негизги кооздуктары алтын, күмүш, маржан баалуу таштарынан жасалгаланат. Эки капталындагы кооздуктун жасалашы жаңырган айды элестетип турат. Кыргыздардын салттуу кооомунда айдын жаңырышында өзгөчө ырым-жырымдар жасалып келген. Анткени айга байланыштуу ишенимдер болгондуктан, ага карап “Айдан аман, жылдан эсен” чыгалы деп бата тилешкен.

Маңдайына жипке тизилген маржан шурулар тагылып, жээктерине ак майда берметтер кадалган. Алтын, күмүш, бермет, маржан шурулардын арбын колдонулушунан баш кийимди даярдаган үй-бүлөнүн социалдык абалы жогору бай, манап, бий же бир уруу башчынын кызына даярдалган деп айтууга болот. Анткени кыргыздардын салттуу коомунда адамдын байлыгын, коомдо ээлеген ордун кымбат баалуу кийим-кечелер көрсөтүп, өзгөчөлөнтүп турган.

IDENTIFIER

NHM-S22032024-P0219-000195

THEME

[Ethnography]

RIGHTS STATEMENT

http://rightsstatements.org/vocab/InC/1.0/

CREATOR

P0219

CREATED TIME

2024-03-22T05:25:31

REGION

Bishkek

LATITUDE

42.8788664187689

LONGITUDE

74.56851322455609